Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүктөгү жогорку жетишкендиктери үчүн Мндициналык академиянын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Сыйлангандардын катарында:
• Жумабеков Сабырбек Артисбекович — КР УИАнын жана РАНдын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор, травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы;
• Усупбаев Акылбек Чолпонкулович — КГМАнын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор, урология жана андрология кафедрасынын (дипломго чейинки жана кийинки билим берүү) башчысы;
• Жумалиева Гүлмира Артыкбаевна — медицина илимдеринин доктору, профессор, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор, жалпы жана клиникалык эпидемиология кафедрасынын башчысы;
• Чыныбекова Дамирахан Камчыбековна — медицина илимдеринин кандидаты, балдар жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти;
• Ташибеков Жумабек Турсунбаевич — медицина илимдеринин кандидаты, нейрохирургия кафедрасынын ассистенти;
• Кутболсун уулу Уланбек — медицина илимдеринин кандидаты, урология жана андрология кафедрасынын (дипломго чейинки жана кийинки билим берүү) ассистенти;
• Кабылбеков Элмирбек Келсинбекович — медицина илимдеринин кандидаты, травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын ассистенти.
Бул сыйлык алардын жогорку кесипкөйлүгүн, өз ишине берилгендигин жана медициналык илимди, билим берүүнү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымын таануунун белгиси болуп саналат.



